• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Гаага конвенциясы

Гаага конвенциясы. Апостилди тааныган мамлекеттердин тизмеси

Чет өлкөлүк  расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын алып салган Конвенция (Гаага, 1961-жылдын 5-октябры)

Ушул Конвенцияга кол койгон мамлекеттер чет өлкөлүк расмий документтерди дипломаттык же консулдук мыйзамдаштыруу талабын алып салууну каалап, буга байланыштуу Конвенция түзүүнү чечишти жана төмөндө келтирилген жоболорго макул болушту:

1-берене

 Ушул Конвенция сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин биринин аймагында аткарылган жана сүйлөшүп жаткан башка бир мамлекеттин аймагында көрсөтүлүүгө талап кылынган расмий документтерге жайылтылат. Ушул Конвенциянын мазмунунда расмий документтер катары булар каралат: а) прокуратурадан, соттун катчысынан же сот аткаруучудан алынган документтерди кошуп, мамлекеттин өкүмүнө баш ийген кызмат адамдарынан алынган документтер; b) администрациялык документтер; c) нотариалдык актылар; d) расмий белгилер, мисалы, каттоо тууралуу белгилер; белгилүү бир күндү ырастаган визалар; нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлбөгөн документтеги колду ырастоо. Ошону менен бирге бул Конвенция жайылтылбаган документтер булар: a) дипломаттык же консулдук агенттер тарабынан аткарылган документтер; b) коммерциялык же бажы иш-аракетине түздөн-түз тиешеси бар администрациялык документтер.

2-берене

 Сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин ар бири бул Конвенция жайылтылган жана анын аймагында берилүүгө тийиш болгон документтерди мыйзамдаштыруудан бошотот. Ушул Конвенциянын мазмунунда мыйзамдаштыруу деп документ аймагында берилүүгө тийиш болгон өлкөнүн дипломаттык же консулдук агенттери тарабынан колдун аныктыгын, документке кол койгон адам ким катары иш алып баргандыгын, жана, тийиштүү учурда, бул документти күбөлөндүргөн мөөрдүн жана бурчмөөрдүн аныктыгын ырастоо үчүн колдонулган формалдуу жол-жобо гана түшүнүлөт.

3-берене

 Колдун аныктыгын, документке кол койгон адам ким катары иш алып баргандыгын, жана, тийиштүү учурда, бул документти күбөлөндүргөн мөөрдүн жана бурчмөөрдүн аныктыгын ырастоо үчүн талап кылынган жалгыз формалдуулук болуп 4-беренеде каралган апостилдин ушул документ аткарылган мамлекеттин өкүмдүү органы тарабынан коюлушу саналат. Бирок документ тапшырыла турган мамлекетте колдонулган мыйзамдар, эрежелер же үрп-адаттар, же болбосо сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин экөө же бир нечеси бул жол-жобону алып салган же жеңилдеткен же документти мыйзамдаштыруудан бошоткон учурларда буга чейинки абзацта айтылган милдетти аткаруу талап кылынбай калышы мүмкүн.

4-берене

 3-берененин биринчи абзацында каралган апостиль документтин өзүнө же документке бириктирилген өзүнчө баракка коюлат; ал ушул Конвенцияга тиркелген үлгүгө дал келиши керек. Ошентсе да ал аны берип жаткан органдын расмий тилинде түзүлүшү мүмкүн. Андагы пункттар ошондой эле экинчи тилде да жазылышы  мүмкүн. Аталышы "Apostille (Convention de la Haye du 5 octobre 1961)" деп француз тилинде берилиши керек.

5-берене

 Апостиль кол койгон же документти көрсөткөн каалаган адамдын өтүнүчү боюнча коюлат. Тийиштүү түрдө толтурулганда ал колдун аныктыгын, документке кол койгон адам ким катары иш алып баргандыгын, жана тийиштүү учурда, бул документти күбөлөндүргөн мөөрдүн жана бурчмөөрдүн аныктыгын ырастайт. Апостилде коюлган кол, мөөр же бурчмөөр эч кандай күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

6-берене

 Сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин ар бири алардын расмий милдеттерин эсепке алуу менен 3-берененин биринчи абзацында каралган апостилди коюуга ыйгарым укукту бере турган органдарды дайындайт. Ал бул дайындоо тууралуу Нидерландынын Тышкы иштер министрлигин өзүнүн жактырым грамотасын же кошулуу тууралуу грамотасын, же күчүн жайылтуу жөнүндө билдирүүсүн сактоого берүү учурунда маалымдар кылат. Ал ошондой эле Министрликти бул органдарды дайындоодогу ар бир өзгөрүү тууралуу маалымдар кылып турат.

7-берене

 6-беренеге ылайык дайындалган органдардын ар бири жазуулар китебин же карточканы толтуруп, аларда коюлган апостилдерди катташы керек жана буларды белгилеши керек: а) апостилди коюунун катар номерин жана күнүн; b) расмий документке кол койгон адамдын фамилиясын жана ал ким катары иш алып баргандыгын, а кол коюлбаган документтерге карата – мөөр же бурчмөөрдү койгон органды көрсөтүүнү. Ар бир каалаган кызыкчылыгы бар адамдын талабы боюнча апостилди койгон орган андагы жазуулар жазуулар китебине же картотекага киргизилген маалыматка дал келерин текшерүүгө милдеттүү.

8-берене

Эгер эки же бир нече сүйлөшүп жаткан мамлекеттин ортосунда колду, мөөрдү же бурчмөөрдү ырастоо үчүн белгилүү бир формалдуулукту талап кылган жоболорду камтыган келишим, конвенция же макулдашуу түзүлгөн болсо, бул жоболордон чегинүү бул Конвенция аларда көрсөтүлгөн формалдуулук 3- жана 4-беренелерде каралган формалдуулуктарга караганда катаалыраак болгон учурда гана каралат.

9-берене

 Сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин ар бири анын дипломаттык же консулдук агенттери бул Конвенция мыйзамдаштыруудан бошотууну караган учурларда аны жүргүзбөшү үчүн зарыл чараларды көрөт.

10-берене

 Бул Конвенция эл аралык жеке укук боюнча Гаага конференциясынын 9-сессиясында катышкан мамлекеттердин, ошондой эле Ирландия, Исландия, Лихтенштейн жана Түркиянын кол коюшу үчүн ачык. Ал жактырылууга тийиш, жана жактырым грамоталары Нидерландынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилет.

11-берене

 Бул Конвенция 10-берененин экинчи абзацында каралган жактырым грамотасы сактоого берилгенден кийин 60-күнү күчүнө кирет. Конвенцияга кол коюп, кийинчерээк аны жактырган ар бир өлкө үчүн анын жактырым грамотасын сактоого бергенден кийин 60-күнү ал (Конвенция) күчүнө кирет.

12-берене

 10-беренеде сөз кылынбаган каалаган мамлекет 11-берененин биринчи абзацына ылайык бул Конвенция күчүнө кирген соң ага  кошула алат. Кошулуу жөнүндө документ Нидерландынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилет. Кошулуу  кошулуп жаткан мамлекет менен сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин 15-берененин "d" пунктунда каралган кабарландыруучу катты алгандан кийин 6 айдын ичинде ага каршылыгын билдирбегендеринин ортосундагы мамилелер үчүн гана жарактуу. Мындай каршылык тууралуу кабарландыруучу кат Нидерландынын Тышкы иштер министрлигине багытталат. Конвенция кошулган мамлекет менен бул кошулууга каршылыгын көрсөтпөгөн мамлекеттердин ортосунда буга чейинки абзацта көрсөтүлгөн алты айлык мөөнөт өткөндөн кийинки 60-күнү күчүнө кирет*.

13-берене

 Кол коюу, жактырым же кошулуу учурунда ар бир мамлекет өзү эл аралык деңгээлде өкүлү болгон аймактардын баарына, бирөөнө же бир нечесине бул Конвенция  жайылтылат деп билдириши мүмкүн. Бул билдирүү берилген мамлекет үчүн Конвенциянын күчүнө кирген учурунан баштап жарамдуу деп эсептелет. Мындан ары Нидерландынын Тышкы иштер министрлиги Конвенциянын күчүнүн ар бир мындай жайылтылышы тууралуу маалымдар болуп турат. Эгер күчүн жайылтуу жөнүндө билдирүү Конвенцияга кол койгон жана жактырган мамлекет тарабынан жасалса, ал билдирүүдө көрсөтүлгөн аймактарга карата 11-берененин жоболоруна ылайык күчүнө кирет. Эгер күчүн жайылтуу жөнүндө билдирүү Конвенцияга кошулган мамлекет тарабынан жасалса, ал билдирүүдө көрсөтүлгөн аймактарга карата 12-берененин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.

14-берене

 Ушул Конвенция 11-берененин биринчи абзацына ылайык күчүнө киргенден кийин, мунун ичинде аны ушундан кийин жактырган же кошулган мамлекеттерге карата да, 5 жыл ичинде жарамдуу. Эгер Конвенция жокко чыгарылбаса, анын күчү тараптардын ичтен макул болуусунан улам кийинки беш жылга узартылып турат. Нидерландынын Тышкы иштер министрлиги жокко чыгаруу тууралуу беш жылдык мөөнөт бүтөрдөн кеминде алты ай мурда маалымдар кылынат. Жокко чыгаруу Конвенциянын күчү жайылтылган аймактардын айрымдары менен чектелиши мүмкүн. Жокко чыгаруу ал жөнүндө маалымдар кылган мамлекетке карата гана күчкө ээ. Конвенция сүйлөшүп жаткан мамлекеттердин башкаларына карата күчүндө калат.

15-берене

 Нидерландынын Тышкы иштер министрлиги 10-беренеде айтылып өткөн мамлекеттерди, ошондой эле 12-берененин жоболоруна ылайык кошулган мамлекеттерди булар тууралуу маалымдар кылат: а) 6-берененин экинчи абзацында айтылган кабарландыруучу каттар тууралуу; b) 10-беренеде айтылган кол коюулар жана жактырымдар тууралуу; c) 11-берененин биринчи абзацынын жоболоруна ылайык ушул Конвенциянын күчүнө кирген күнү тууралуу; d) 12-беренеде айтылган кошулуулар жана каршылыктар тууралуу жана кошулуунун күчүнө кирүү күнү тууралуу; e) 13-беренеде айтылган күчүн жайылтуу тууралуу жана анын күчүнө кирүү күнү тууралуу; i) 14-берененин үчүнчү абзацында айтылган жокко чыгаруулар тууралуу.

Муну ырастоо иретинде төмөндө кол койгон тиешелүү ыйгарым укуктуу адамдар ушул Конвенцияга кол коюшту.

1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында француз жана англис тилдеринде (тексттердин ортосунда келишпестик болсо, французча текстке артыкчылык берилет), Нидерландынын Өкмөтүнүн архивине сактоого бериле турган жалгыз нускада аткарылды, жана анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү дипломатиялык байланыштар боюнча эл аралык жеке укук боюнча Гаага конференциясынын тогузунчу сессиясында өкүлчүлүгү бар ар бир мамлекетке, ошондой эле Ирландияга, Исландияга, Лихтенштейнге жана Түркияга жиберилет.

 Эскертүүлөр:
- Гаага конвенциясынын 13-беренесине ылайык 21.08.1964-ж. жана 24.02.1965-ж. Улуу Британиянын өкмөтү Конвенциянын күчүн төмөндөгү аймактарга жайылтуу жөнүндө билдирүүлөрдү жасаган:

  1. Джерси
  2. Бейлиуик Гернси
  3. Мэн аралы
  4. Бермуд
  5. Британиянын Антарктика Аймагы (Аргентина менен талаш)
  6. Кайман аралдары
  7. Фолкленд аралдары (Аргентина менен талаш)
  8. Гибралтар
  9. Гонконг (азыркы учурда Кытайдын өкүмүнө өткөн)
  10. Монтсеррат
  11. Ыйык Елена
  12. Терк жана Кайкос аралдары
  13. Виргин аралдары
(Мындан тышкары, көрсөтүлгөн билдирүүлөрдө азыркы учурда көз карандысыздыкка ээ болгон аймактардын бир катары айтылган).
 
- Нидерланддар Падышалыгы 1967-жылдын 1-мартында нидерландылык Антиль аралдарына 1966-жылдын 30-апрелинен тарта Конвенциянын күчүн жайылтуу жөнүндө билдирүү жасаган.