• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Которуу

Котормо кызматтары өтө ар кылдуу. Ар бир текст – жазуу түрүндөгү да, оозеки түрдөгү да, көркөм да, техникалык да – которуу процессине дуушар болушу мүмкүн. Которуу жазуу түрүндө же оозеки болот. Оозеки түрдө которууну синхрондуу жана ырааттуу котормого бөлүшөт. Синхрондуу которууда тилмеч сүйлөөчү менен бир убакта сүйлөйт. Котормонун бул түрү чоң аудиторияга багытталган, атайын жабдууну колдонууну талап кылат жана эл аралык конференция, семинарларды өткөрүүдө колдонулат. Бардык которуу кызматтарынын ичинен бул, кыязы, котормонун эң кымбат түрү, себеби котормочудан эне тилин да, чет тилди да суудай билүүнү гана эмес, эки тилдин улам бирине бат-баттан өтүп, тилдик эквиваленттерди көз ирмемде тандоо менен эбегейсиз психологиялык чыңалууга чыдоо жөндөмүн да талап кылат.

Ырааттуу которууда оратор сүйлөп жатканда котормочу анын буга чейин айткандарын которушу үчүн тыныгууларды жасап турат. Которуунун мындай түрү кичирээк аудиторияга багытталган жана иштиктүү жолугушууларда, чогулуштарда, сүйлөшүүлөрдө колдонулат. Көп учурда ырааттуу котормочунун милдетине эки гана адамдын ортосундагы пикир алышууну камсыз кылуу да кирет.

Жазуу жүзүндөгү котормолорду айтсак, ал өтө ар түрдүү жана тематикалык белгилери боюнча негизинен көркөм, техникалык, укуктук, экономикалык ж.у.с. котормолорго бөлүштүрүлүп ажырайт. Алардын ар бири өз айырмачылыктарына ээ. Котормо кызматтарын эреже катары котормочулук агенттиктери сунуштайт.

Бүгүнкү күндө  «GMC Translation Service» Тилдик котормолор борбору тилдик котормолор базарында алдыңкы орунду ээлейт. Бул кызматкерлерибиздин жогорку деңгээлдеги ишбилгилиги, заманбап программалык камсыздоону колдонуу, техникалык базаны үзгүлтүксүз жаңылап туруу, ишке тандоонун катаал элегинен өткөн жана жогорку деңгээлдеги квалификацияга ээ, кууш жана адистештирилген багыттагы кесипкөй котормочуларды тартуу менен шартталган.

Булардын баары GMC Translation Service» Тилдик котормолор борборуна кардарларынын татыктуу урмат-сыйына жана ишенимине арзышына өбөлгө болууда. Алардын арасында белгилүү ири чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялар, эл аралык уюмдар, элчиликтер, мекемелер жана банктар басымдуу көпчүлүктү түзөт. Ири уюмдар менен келишимдик негизде тыгыз кызматташуу, оң баа берүүлөр, грамоталар жана расмий ыраазычылык билдирүүлөр биз көрсөткөн кызматтардын ишенимдүүлүгүнүн, бекемдигинин, сапатынын жана зарылдыгынын жогорку деңгээлин далилдеп турат.

Азыркы учурда GMC Translation Service Тилдик котормолор борбору физикалык жана юридикалык жактарга ар кандай документтерди 127 чет тилине которуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү, коммерциялык жана жеке мүнөздөгү документтерди жол-жоболоштуруу, нотариалдык жана юридикалык кызматтарды көрсөтүү жаатында иш алып барат.





  • Мунай-газ котормолору

    Мунай-газ тематикасындагы тексттерди которуу котормо өнөрүнүн эң татаал жана кууш адистешүүнү талап кылган түрү болуп эсептелет. Мунай-газ тематикасындагы тексттерди которууну мунайзатын казып алуу экономикасын, бул тармактын камсыздандыруу жана каржы маселелерин түшүнбөй туруп аткаруу мүмкүн эмес.

    Биздин адистер мунай-газ тематикасындагы тексттерди оозеки жана жазуу жүзүндө сапаттуу которууну көптөгөн жылдар бою аткарып келишет. Бул чөйрөдө жетиштүү тажрыйба жана билимге ээ болуу менен, «GMC Translation Service» тил котормолор борборунун кызматкерлери каалаган кыйынчылыктарды ийгиликтүү жоюшат.

  • Техникалык котормолор

    Техникалык тексттерди которуу өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ жана жазуу жүзүндө которуунун эң татаал түрлөрүнүн бири деп эсептелет. Техникалык документтерди сабаттуу которуу тиешелүү лексика жана терминологияны беш колундай билүүнү гана эмес, түпнусканын текстинде айтылып жаткан процесстердин жана тутумдарды так түшүнүүнү да талап кылат. Техникалык тексттерди которуу милдеттүү түрдө илимий-техникалык терминологияны жана атайын лексиканы колдонуу дегенди билдирет.

    Биздин техникалык котормочуларыбыздын ар кандай техникалык тематикадагы тексттер менен иштөө боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар, мунун аркасы менен техникалык котормонун жогорку сапаты жана өз убагында аткарылышы камсыз кылынат.

  • Медициналык котормолор

    Биз каалагандай татаалдыктагы медициналык тематикадагы тексттерди – дарылык каражаттардын нускамаларынан илимий макалаларга жана монографияларга чейин – которууну аткарабыз. Кесипкөй котормочуларыбыздын жана редакторлорубуздун жогорку медициналык билими жана медицинанын ар кандай чөйрөлөрүндө жазуу жүзүндө которуу боюнча бай тажрыйбасы бар. Ар бир конкреттүү тапшырыктын адистигине жараша биз тиешелүү медициналык адистиги жана бул чөйрөдө которуу тажрыйбасы бар котормочуларды жана редакторлорду тандайбыз. Кесиптик даярдык, топтолгон тажрыйба менен сапатты катаал көзөмөлдөөнүн айкашынын аркасы менен биз каалаган долбоордун сабаттуу, жогорку деңгээлдеги котормосун камсыз кылабыз.

  • Экономикалык котормолор

    Экономикалык тематикадагы тексттерди которуу – котормочудан адистик билимди талап кылуучу котормонун өзгөчө түрү. Экономикалык теориянын негиздерин билбей туруп жана адистик экономикалык терминологияны түшүнбөй туруп экономикалык котормону сабаттуу түрдө аткаруу мүмкүн эмес. Мындай материалдарды которуу котормочулардан, баарынан мурда, майда-чүйдө нерселерге кунт коюуну, көңүлүн максималдуу түрдө топтоону жана которуунун бул чөйрөсүндө билимдүү болууну талап кылат. Берилген маалыматка жана сандарга көңүл буруу, түпнусканын терминологиясын жана формасын так сактоо, документтердин чоң көлөмдөрү менен баш көтөрбөй жана кылдаттык менен иштөө – экономикалык котормонун негизги эрежелери ушул. «GMC Translation Service» тил котормолор борборунун иштеп келе жаткан убактысынын ичинде бул тематикадагы адистик тексттер менен иштөө боюнча баа жеткис тажрыйба топтолгон.

  • Юридикалык котормолор

    Биз кардарларыбызга юридикалык документтерди чет тилдерге жана чет тилдерден которууну сунуш кылабыз. Көп жылдык талыкпаган эмгегибиздин аркасы менен биз көптөгөн эл аралык юридикалык фирмалардын, адвокаттык коллегиялардын, бюролордун, ошондой эле ири компаниялардын жана чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн ишенимине татыдык. Биз алардын жогорку ишенимин актоо үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Биздин кызматкерлер юридикалык билимге, ошондой эле бай иш тажрыйбасына ээ. Чет мамлекеттерде колдонула турган юридикалык мазмундагы документтерди которуу, кардардын каалоосу менен, эне тилдүү котормочуга тапшырылышы мүмкүн. Биз өзүбүздүн котормо кызматтарыбызды сиз каалаган мөөнөттөрдө сизге пайдалуу баалар менен сунуш кылууга кубанычтабыз.

  • Жеке документтер

    Жеке документтерди жазуу жүзүндө которуу, стандарттуу которуу жана эне тилдүү котормочуга котортуу сыяктуу эле, «GMC Translation Service» тил котормолор борбору жазуу жүзүндө которуу боюнча өз кардарларына сунуш кылган кызматтардын бир түрү болуп эсептелет.

    Биздин иштеп келе жаткан жылдар бою топтогон тажрыйбабыз жана билимибиз бизге жеке документтер менен иштегенди майда-чүйдөсүнө чейин билүүгө жана кардарларыбызга жөн гана котормо эмес, документтерди тиешелүү инстанцияларга берүү үчүн башынан-аягына чейин даярдап берүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

  • web-сайттар

    «GMC Translation Service» тил котормолор борбору 127 чет тилине жана чет тилинен веб-сайттарды которууну аткарат. Кызматтардын бул түрү өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Сайттарды которууда котормочунун алдында эң ар түрдүү милдеттер пайда болушу мүмкүн: мисалы, жарнактык жана көркөм тексттерге таандык кайталангыс стилди берүү же техникалык маалыматты которуу. Сапатына абдан жогору талап коюлат.

    «GMC Translation Service» тил котормолор борбору сайтты локалдаштыруу боюнча иштердин бардык топтомун аткарат, ошондой эле локалдашкан сайттын мазмунунун тигил же бул браузерде туура көрүнүшү үчүн эл аралык издөө тутумдарына жана коддоо тутумдарына карата оптимизация кылат.

  • Нотариалдык күбөлөндүрүү

    «GMC Translation Service» тил котормолор борбору физикалык жана юридикалык жактар үчүн ар кандай документтерди: жарандардын жеке документтерин жана юридикалык жактардын документтерин нотариалдык күбөлөндүрүүнү сапаттуу жана тез аткарат. Документтерди  нотариалдык күбөлөндүрүү кадимкидей же тездетилген жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Нотариус документтин фотокопиясынын, котормонун жана котормочунун колунун аныктыгын күбөлөндүрөт. Нотариус нотариалдык күбөлөндүрүүнү ИШБИЛГИЛИК МЕНЕН, ТЕЗ жана САБАТТУУ аткарат.

    Биздин компания документтерди мындай нотариалдык күбөлөндүрүүнү аткарат:

    • Мамлекеттик нотариустан
    • Жеке нотариустан
  • Синхрондуу жана ырааттуу котормо

    Эл аралык сүйлөшүүлөрдүн, конференциялардын, семинарлардын, тегерек үстөлдөрдүн жана башка иш-чаралардын ийгиликтүү өтүшү котормонун сапатына түздөн-түз көз каранды экенинен шек жок. «GMC Translation Service» тил котормолор борборунун синхрондуу жана ырааттуу котормочулары Сиздин каалаган тапшырыгыңызды сапаттуу аткарышат. Биздин адистер өз ишине жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Анын ичинде котормого байланыштуу ишмердүүлүк чөйрөсүн, аудиторияны, терминологияны, тилдин диалектилик өзгөчөлүктөрүн ж.у.с. өздөштүрүшөт. Мындан тышкары, алар ишкер адамдын жүрүш-туруш эрежелерин, этикетти сакташат, өзүн-өзү көрсөтүү көндүмдөрүнө ээ: угуучуларды өзүнө жана котормо жасап жаткан өнөгүнө тартуучу мамиле курганды билишет.

  • МУЛЬТИМЕДИА

    Биздин компания каалагандай форматтагы видео- жана аудио-материалдарды которууну аткарат.

  • Шашылыш котормолор

    «GMC Translation Service» тил котормолор борборунда Сиз азыркы учкан куштай зымырап өнүгүп жаткан дүйнөдө көп керек болгон кызматты – ЭКСПРЕСС-КОТОРМОНУ (шашылыш которуу) пайдалана аласыз.

    Биз каалагандай татаалдыктагы материалды чет тилине же чет тилинен кардарыбыз үчүн пайдалуу каалагандай мөөнөттө аткарабыз!

    Шаблондуу документтердин экспресс-котормосунун мөөнөтү:

    30 мүнөт ичинде!!!
    1 саат ичинде!!
    1 күн ичинде!

    «GMC Translation Service» тил котормолор борбору буларды ЭҢ КЫСКА МӨӨНӨТТӨ аткарат:

    Сиз ишенсеңиз болот: тапшырыгыңыз убагында жана сапаттуу аткарылат.

  • Калыптоо

    Биздин компания материалдарды PageMaker, InDesign, FrameMaker форматтарында калыптоо боюнча кызмат көрсөтөт. Калыптоону баштапкы форматтарда жүргүзсө болот, же болбосо аны түпнускаларынын негизинде кагаз бетинде же pdf форматында «кайра жаратса» болот. Иштердин тиешелүү түрлөрүн типографиялардын жана басмаканалардын тиешелүү тармактарында иш тажрыйбасын топтогон кесипкөй калыптоочулар аткарат. Биз материалдарды которгондон кийин басып чыгарууга даярдоого зарыл кызматтардын ичинен буларды аткарабыз:

      - материалды PC платформаларында жайылган форматтардын баарында калыптоо;

      - сканерден өткөрүлгөн тексттерди таануу, текстти электрондук түргө өткөрүү;

      - тексттерди баштапкы форматын сактоо менен которуу;

      - материалды (китептер, журналдар, баракчалар, брошюралар жана башка полиграфия өнүмдөрү), ошондой эле PDF, CDR, PSD, GIF, JPEG ж.у.с. форматтарда берилген, же сканерден өткөрүүнүн натыйжасында алынган материалдарды түпнускасына ылайык «бирге бир» кылып калыптоо программаларында кайра түзүү;

      - бардык белглилүү форматтардагы (AutoCAD, ArchiCad) чийүүлөр менен иштөө

    Ошондой эле биз бул форматтар менен иштейбиз: CorelDraw, Adobe Photoshop, 3D Studio Max, Adobe Flash, Macromedia Director, ArhiCAD, Adobe PageMaker, Adobe Illustrator, MS Publisher

  • АПОСТИЛЬ

    Бир катар өлкөлөр документтерди мыйзамдаштырууну оңойлотуу жөнүндө көп тараптуу макулдашуу түзүшкөн. Бул макулдашуу 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган жана Гаага конвенциясы деп аталат. Ага ылайык чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабы жокко чыгарылат.

    Документти апостилдөө жол-жобосу эки баскычтан турат:

    1) документтин көчүрмөсүн жана котормосунун тууралыгын нотариалдык күбөлөндүрүү

    2) атайын апостиль (APOSTILLE) бурчмөөрүн койо турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүү.

  • Мыйзамдаштыруу

    Мыйзамдаштыруу – бул мамлекеттик бийлик берген же бул бийликтин катышуусу менен түзүлгөн документ бул мамлекеттин мыйзамдарына туура келерин ырастоо. Анын мааниси докуменке кол койгон кызмат адамынын колунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрүнүн аныктыгын ырастоодо турат.

    Консулдук мыйзамдаштыруу күбөлөндүрүүлөрдүн бир катарынан турат. Алгач документти жана анын туура которулганын нотариуска күбөлөндүрүп, андан соң нотариустун колунун аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн Адилет министрлигине кайрылуу керек. Мындан соң ТИМ-дин консулдук кызмат департаментинде Адилет министрлигинде коюлган колдун аныктыгы күбөлөндүрүлөт.

    Биздин компания документтерди КМШ өлкөлөрүнүн аймагында мыйзамдаштырууну жүргүзөт.

  • Тапшырык жол-жоболоштуруу