Мыйзамдаштыруу
Апостилдөө деген эмне?
Документти апостилдөө – бул жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу (документке башка мамлекеттин аймагында юридикалык күч берүү үчүн бир катар белгилүү формалдуу жол-жоболорду аткаруу). Бир мамлекеттин аймагында берилген документти мыйзамдаштыруу жол-жобосунун акыркы максаты катары аны башка мамлекеттин расмий органдарына берүү мүмкүнчүлүгү көздөлөт.
Документти апостилдөө аны башка мамлекеттин расмий органдарына берүү зарыл болгон учурлардын бардыгында талап кылынат. Бул, алсак, Казакстанда берилген документ Казакстандын аймагында гана юридикалык күчкө ээ жана толук жарамдуу болуп пайдаланыла алат, бирок аны башка өлкөнүн расмий органдарына (мисалы, Түркиянын расмий мекемелерине) берүү үчүн апостилдөө талап кылынат дегенди билдирет.
Бул эрежеге документтердин мыйзамдаштырууга тийиш болбогон айрым бир түрлөрү баш ийбейт.
Документтерди мыйзамдаштыруунун түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү
Документтерди мыйзамдаштыруунун негизги эки түрү бар - "Апостиль" бурч мөөрүн коюу жана консулдук мыйзамдаштыруу. Мыйзамдаштыруунун бир түрүн тандоо ар бир белгилүү учурда документ бара турган өлкөгө, б.а., жыйынтыгында кайсы өлкөнүн расмий органдарына бериле турганына көз каранды.
"Апостиль" бурч мөөрүн коюу (кээде бул жол-жобону «жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу» же «апостилдөө» деп да аташат) консулдук мыйзамдаштыруу талабын алып салып, жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу жол-жобосун - "Апостиль" бурч мөөрүн коюуну киргизген 1961-жылдын 5-октябрындагы Гаага конвенциясына кошулган өлкөлөргө жиберүү үчүн колдонулат.
Бул жол-жобонун жөнөкөйлөштүрүлгөн деп аталышынын себеби – бир жагынан, апостилдөө кыйла тез жана бир гана ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш жүзүнө ашырылат, ал эми экинчи жагынан, документ Гаага конвенциясына кошулган бардык өлкөлөрдүн аймагында юридикалык күчкө ээ болот.
Эгер сиз документти берүүгө даярдап жаткан өлкө Гаага конвенциясынын катышуучусу болбосо, консулдук мыйзамдаштыруу зарыл. Бул кыйла татаалыраак жол-жобо, ал документти мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүүдөн, КР Юстиция министрлигинин органдарында жана КР ТИМ органдарында күбөлөндүрүүдөн турат. Бул учурда документ кайсы өлкө үчүн мыйзамдаштырылса, ошол өлкөнүн аймагында гана юридикалык күчкө ээ болот.
Кайсы учурларда мыйзамдаштыруу талап кылынбайт?
Документти мыйзамдаштыруу үч гана учурда талап кылынбайт:
- Сиз документ берип жаткан мекеме анын мыйзамдаштырылышын талап кылбаса;
- Кыргызстандын жана Сиз аймагында документти пайдаланууга пландап жаткан мамлекеттин ортосунда мыйзамдаштырууну алып салуучу эки тараптуу келишим түзүлгөн болсо;
- документтин түрүнө/тибине/мүнөзүнө ылайык аны мыйзамдаштыруу мүмкүн эмес болгондо.