• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Тапшырыктын түрү

«Online-тапшырык» кызматы. Сиз бизге тапшырыгыңызды үйдөн чыкпастан, электрондук табыштама аркылуу жөнөтө аласыз. Бул үчүн «Online-тапшырык» опциясын тандап, биздин электрондук тапшырыкты толтуруңуз да, которуш керек болгон материалды MS Word, PDF, JPG форматында тиркеп жөнөтүңүз. Же болбосо бизге кат жазып, которуш керек болгон материалдын файлын тиркеп коюңуз. Биздин менеджер Сиздин тапшырыгыңызды баалаган соң сиз менен байланышат. Даяр котормону Сиз электрондук почта аркылуу же биздин офистен ала аласыз. Тапшырыктын баасын төлөөнү биздин офисте накталай акча менен же Visa, Master Card, банк аркылуу которуу, Яндекс деньги, WebMoney, MoneyBookers аркылуу жүргүзүүгө болот.

«Биз Сизге» кызматы. Эгер сиздин тапшырыгыңыз 10 беттен ашык көлөмдө болсо, Сиз биздин кызматкерди офисиңизге чакырсаңыз болот. Бул үчүн «Биз Сизге» опциясын тандап, андагы форманы толтурушуңуз зарыл. Форма толтурулгандан кийин 20 мүнөттүн ичинде биздин кызматкер Сиздин офисиңизге атайын унаа менен келип, тапшырыгыңыздын наркы жана аткаруу мөөнөтүн баалоону ошол жерден жүргүзөт. Бул кызмат акысыз көрсөтүлөт. Сиз «Биз Сизге» кызматын БИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫП да табыштай аласыз!


«Сиз Бизге» кызматы. Сиз биздин офиске келип тапшырык бере аласыз, биздин кызматкерлерибиз Сизди эң жакшы кабыл алып, тапшырыгыңыздын наркын жана аткарылуу мөөнөтүн баалап беришет, «GMC Translation Service» Тил котормолорунун борбору кардарларын көргөнгө дайыма кубанычта!