• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Биз жөнүндө


ВНИМАНИЕ!!! Для контакта с нами используйте опции сайта, а так же работающие контактные номера и мейлы в Вашем городе. Наша компания работает удаленно в прежнем режиме, в каждом городе. Приносим извинения за неудобства. Помимо опций сайта вы можете отправлять ЗАКАЗЫ на E-mail: gmczakaz@mail.ru

«GMC Translation Service» котормо борбору – бул тилдик котормолор чөйрөсүндө 21 жылдык тажрыйбасы бар эл аралык компания. Бүгүн бул – уюмдашуу жана каржы түзүмү туруктуу, котормо кызматтарынын базарында алдыңкы орунду ээлеген компания.

Биз кардарларыбыз үчүн жазуу жүзүндө котормолорду 127ден ашуун тилдерден аткарабыз. Биз каалаган көлөмдөгү, каалаган тематикадагы материалдарды эң кыска мөөнөттөрдө которобуз. Бул кызматкерлерибиздин жогорку деңгээлдеги ишбилгилиги, заманбап программалык камсыздоону колдонуу, техникалык базаны үзгүлтүксүз жаңылап туруу, ишке тандоонун катаал элегинен өткөн жана жогорку деңгээлдеги квалификацияга ээ, кууш жана адистештирилген багыттагы кесипкөй котормочуларды тартуу менен шартталган.

Биз котормолорду нотариалдык күбөлөндүрүү, чет өлкөдө пайдаланыла турган документтерди Апостилдөөгө жана консулдук мыйзамдаштырууга даярдоо боюнча чоң тажрыйба топтодук. Бул кызматтан биздин компаниянын ыкчам иштегенине жана орундуу бааларына тартылган көптөгөн кардарлары колдонушат.

«GMC Translation Service» тил котормолор борборунун атайын IT-бөлүмү кардарлардын тапшырыктарынын оригиналга шайкеш келишин, б.а бирдей таризделишин камсыз кылышат.

Биздин борбор өз ишмердүүлүгүнө «сапат, тез иштөө жана ар бир кардарга өзгөчө мамиле» принцибин негиз кылып алган. Бизде «чоң» жана «кичине» кардарлар жок. Биз үчүн ар бир кардар маанилүү!

Биз аткарган котормолордун сапатын чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү, банктар, ТИМ, НБУ, ИИМ, СБУ, Адилет министрлиги, Алматы шаарынын Адилет департаменти жана өлкөнүн алдыңкы ишканалары менен бекем байланыштарыбыз жана алардын бизге эң жакшы котормо компаниясы катары берген кепилдеме кеттары ырастайт.

Көптөгөн ири корпорациялар, банктар, эл аралык коомдук жана өкмөттүк уюмдар биздин компанияны тандашты.

Алар бизге ишенет



Алар бизге ишенет